Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Шматко: Орусия Кыргызстанда энергодолбоорлорго катышууга кызыкдар


Бул тууралуу Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко кечээ, 27-мартта өлкө президенти Алмазбек Атамбев менен болгон жолугушууда белгиледи. Шматко башында турган Орусиянын эң ири энергокомпанияларынын жетекчилеринен түзүлгөн делегация гидроэнергетика жана мунайгаз тармактарында кызматташуу маселелери боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Бишкекке кечээ келген. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өлкө башчысы буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыра баштоонун маанилүү экендигин айтты.

Өз кезегинде Сергей Шматко Орусия кызматташууну практикалык нукка алып чыгууга даяр экендигин белгиледи. “Орусия Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга абдан кызыктар. Биз мындан ары аракеттенүүнүн конкреттүү планын иштеп чыгууга даярбыз”,-деди ал. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн гидроэнергетика жана мунайгаз тармактарында кызматташуусунун келечектүү багыттары, анын ичинде биргелешкен бир топ долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү маселелери талкууланды.

Мындан кийин Орусиядан келген делегация өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнөн кабарлашкандай, тараптар "Кыргызгаз" ишканасы, "Камбар-Ата-1" ГЭСин, Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндө ГЭСтердин каскадын куруу жана Кыргызстанга мунайзатын ташуу маселелери боюнча сүйлөштү. Сүйлөшүүдө жетишилген келишимдерге ушул жылдын апрель айында эки өлкө жетекчилеринин катышуусунда кол коюлары айтылууда.

Буга чейин Москвада чыгуучу “Коммерсант” басылмасы Орусия Кыргызстандын болочок ГЭСтеринин курулушуна катышуу үчүн эми алардын мурдагыдай 50 эмес, 75 пайыз акциясын талап кыларын жазып чыккан. Бул үчүн 2008-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашуу да кайра каралуусу абзел экени айтылууда. Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат тарата элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG