Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Кореяда кыргыз тили окутула баштады


Корея республикасындагы Чет тилдер университетинде кыргыз тили окутула баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кыргыз тилин окуп жаткан студенттерге элчи Дүйшөн Чотонов окуу китептерин, аудио жана видео окуу куралдарын тапшырды. Бул окуу материалдарын Бишкектеги "Манас" кыргыз-түрк университети бекер тартуулаган. Сабактар 2-марттан бери өтүп жатат. Кыргыз тил курсунун расмий ачылышы 19-апрелде өтөт. Бул долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин салымы зор экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG