Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Кара-Кулжа милициясынын мурдагы башчысы камалды


Ош облусунун Кара-Кулжа районунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Жолболду Чобоев камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облусунун прокурорунун орун басары Маматкарим Айтикулов кабарлады. Чобоев райондук милицияны жетектеп турганда 1 миллион 273 миң сомду максатсыз пайдаланууга жол берген жана убактылуу кармоочу жайда камалгандардын тамагына делген 100 миң сомду дайынсыз короткон деген айып менен кармалды. Мамлекеттик акча туура эмес коротулду деген тыянакка Эсеп палатасы келген. Учурда Чобоев Кара-Суудагы убактылуу кармоочу жайда камакта. Аны менен чогуу райондук милициянын эсепчиси да кармалды. Чобоевдин жакындары ал күнөөсүз экенин, айып далилсиз тагылганын айтышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG