Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Аламүдүндөгү мектепте мыйзамсыз акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголду


Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук прокуратурасы аталган райондогу Көк-Жар айылындагы А.Жумагулов мектебиндеги мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мектеп администрациясы айына бир баласы окуган ата-энеден 200 сом, 2 же андан көп баласы окуса 150, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100 сомдон акча чогултушкан. Жалпысынан бир айда чогултулган акчанын суммасы 492 миң сомду түзгөн. Ал эми баланы мектепке киргизүү үчүн 500 сомдон алып келишкен. Мындан чогулган акча 32 миң сомду түзгөн. Бул боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бишкектеги айрым мектеп директорлоруна дагы окуучулардан мыйзамсыз акча чогултуп, каражаттарды максатсыз пайдаланганы үчүн кылмыш иштери козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG