Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Ат-Башы районунун эки айылын суу каптады


Нарындын Ат-Башы районундагы Кара-Суу айлынын Булак каналына эриген кардын суусу батпай 15 турак жайды суу каптап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынан билдиришти. Кара-Суу айылына башкармалык тарабынан 100 литр күйүүчү май берилип 35ке жакын жергиликтүү тургун жана жаштардын күчү менен 60 капка кум шагыл толтурулуп, каналдын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары 29-мартта кечке жуук тоодон түшкөн суу арыктарга батпай Терек-Суу айылын да каптаган. Учурда суу нугун буруу, бекемдөө жүрүп жатат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG