Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Бабанов: Быйыл көлдө туризм боюнча жаңы долбоорлор башталат


Быйыл Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар орчундуу долбоорлор ишке ашканы турат, чет өлкөлүк инвесторлор тартылат. Бул тууралуу бүгүн Караколдо эл менен жолуккан өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов айтты. Түп-Кеген унаа жолун куруу иштери аяктаары, бул максатта 74 миллион сом бөлүнгөнү да айтылды. Бул жол пайдаланууга берилсе көлдүктөр өстүргөн жашылча-жемишти коңшу өлкөгө жөнөтүү кыйла жеңилдейт. Бабанов ошондой эле туристтердин көбүрөөк келиши үчүн аларды тейлөөнү жакшыртуу, шарт түзүү керек экенин баса белгиледи.

Өкмөт башчысы менен жолугушууга чогулган көл элинин өкүлдөрү көйгөйлүү маселелерин айтып, аларды чечүүнүн жолдорун сунушташты. (RK)

XS
SM
MD
LG