Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ысык-Көл менен Вакаяма боордош болушат


Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Жапониянын Вакаяма префектурасына боордош аймактар деген макам бериш үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңеш депутаты, кыргыз-жапон депутаттар достук тобунун башчысы Карганбек Самаковдун кеңешчиси Курманбек Рысбаев билдирди.

Кыргызстандын Карганбек Самаков баштаган депутаттар тобу 6-майда Жапонияга барат. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн экономикалык жана маданий-гуманитардык алака түзүү маселелери талкууланат. Депутаттар Вакаяма, былтыр топон суу каптаган Сендай префектураларына жана "Тойота" заводуна барышат.

Рысбаевдин айтымында, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин туткунга түшкөн 120 жапон жараны кыргыз жергесинде иштеп кеткен.

"Ошолордун бирөө азыр да тирүү экен, аны менен жолугушабыз", - деди Курманбек Рысбаев.

Мындан тышкары, быйыл жайында көл жээгинде өтө турган жөө күлүктөр мелдешине жапон спортчуларынын катышуусу боюнча да маселе талкууланат.(RK)

XS
SM
MD
LG