Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Москвадагы өрттөн 17 киши мерт кетти


Орусиянын баш калаасындагы базардагы жүк сактоочу сарайдагы өрттөн набыт болгондордун көбү Тажикстандын жарандары экендиги болжолдонууда. Москва шаарынын Өзгөчө абал департаментинин маалымат кызматы курмандыктардын жарандыгын аныктоо аракети уланып жаткандыгын билдирди.

Тажикстандык эмгек мигранттар кыймылынын төрагасы Карамат Шарипов мындай кырсыкта мигранттар күнөөлүү болуп чыгаарына нааразылык билдирди.

- Иш берүүчүлөргө карата чара көрүлбөйт. Биздин сүйүктүү Орусия мына ушул мыйзамсыздыктын улана беришине кызыкдар, анан "мигранттар күнөөлүү, мигранттарды депортациялаш керек"деп чыгышат.

Өрт бүгүн шаардын түштүгүндөгү Качаловский базарындагы эки кабат имаратта чыккан. Бул жайды мигранттар убактылуу жашоочу жайга айландырып алышкан. Куткаруучулар эки саат дегенде өрттү өчүрүштү. Өрттүн себеби иликтенүүдө.

2009-2011-жылдарда да Москвада чыккан эки өрт 14 мигранттын өмүрүн алып кеткен.

XS
SM
MD
LG