Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ишкерлерди элдештирүү долбоору башталды


Бүгүн жана эртең Ош менен Жалал-Абадда «Бизнесмендер тынчтык жана өнүгүү үчүн» экономикалык форумдары өтөт. Максаты – ар улуттун өкүлдөрүн бизнес-алакага тартуу, биргелешип иштөөгө чакыруу.

Иш-чараны уюштуруп жаткан Укук жана бизнести өнүктүрүү фондунун билдиргенине караганда, июн окуяларынан кийин жалаң гана соода, тейлөө уюмдары талкаланбастан, ар улуттагы ишкерлердин ортосунда да ажырым пайда болду.

Долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык жана Өнүгүү программалары колдоп жатат. 2010-жылдын июн айында Ошто жана Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин ортосунда чыккан коогада төрт жүздөн ашуун адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG