Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Жарандык коом: Каржы полициясынын реформасы күмөн жаратууда


Жарандык коом өкүлдөрү өкмөттүн каржы полициясын реформалоо боюнча жасап жаткан аракетин сынга алышты. Бүгүн таратылган атайын билдирүүгө жыйырмага жакын бейөкмөт, коомдук уюмдун өкүлү кол койгон. Анда мурдагы Каржы полициясынын ордуна жаңыдан түзүлгөн Экономикалык кылмыштарды иликтөө кызматына кадр тандоо иши эмитен эле күмөн жаратып жатканы айтылат.

Кызматкерлерди сынак аркылуу алуудан мурда эң оболу ошол мекеменин жетекчилиги ачык, көз каранды эмес комиссиядан өтүшү керектиги айтылууда, "себеби анын жетекчилиги "саясый чечим" менен өкмөт тарабынан дайындалып калды":

"Кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашировдун дайындалышы "саясый чечим" болду. Ал өзү да, анын орун басарлары да сынактан өтүшкөн жок, калпты аныктоочу детектордон текшерилген жок. Орун басары Алиаскар Төрөбаев мурда "Ак жол" партиясынан, азыр "Республика" партиясынан депутат Бакыт Төрөбаевдин иниси экен", - дешет жарандык активисттер. (RK)

XS
SM
MD
LG