Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Казакстанда арак өндүрүүчү мусулмандардан кечирим сурады


Араб тилинде “Алланын кудурети баарына жетет" деген сөз "Байтерек" арагынын бөтөлкөсүнө жазылып кеткен.
Араб тилинде “Алланын кудурети баарына жетет" деген сөз "Байтерек" арагынын бөтөлкөсүнө жазылып кеткен.
Арак өндүрүүчүнүн мусулмандардан кечирим сураган катын бүгүн Казакстандын баш муфтийи Абсаттар Дербишалиев Алматынын борбордук мечитинде окуп берди.

Катта айтылгандай, арактын бөтөлкөсүндө “Алланын кудурети баарына жетет” деген ураан араб тилиндеги бул сөздүн маанисин түшүнбөстүктөн улам жаңылыш колдонулуп кеткен. Актөбөдөгү “Геом” заводунун ээси аталган сөз жазылып кеткен бөтөлкөлөрдүн баарын дүкөндөрдөн алууну убада кылды.

Мурдарак Казакстандын муфтийи арак өндүрүүчүдөн түшүндүрүү талап кылып, ислам ичимдикке тыюу саларын эске алганда, мусулмандар басымдуулук кылган Казакстанда бул сөздүн арактын бөтөлкөсүнө жазылуусу акылга сыйбаган жорук экендигин белгилеген. (UE)
XS
SM
MD
LG