Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Орус православ чиркөөсү кымбат баалуу саат тартылган сүрөт монтаждалганын мойнуна алды


Патриарх Кириллдин монтаждалган сүрөтү, 3-июль, 2009
Патриарх Кириллдин монтаждалган сүрөтү, 3-июль, 2009
Өлкөдө блоггерлер Орусиянын ортодокс чиркөөсүнүн көсөмү патриарх Кириллдин колундагы кымбат баалуу саат расмий сайттагы сүрөттө жарым-жартылай өчүрүлгөнүн шылдыңдашкан эле. Кечээ чиркөө ал сүрөт чындап эле монтаждалганын мойнуна алды. Патриархтын маалымат кызматы бул “абсурд ката” үчүн кечирим сурап, “аны жасагандар катуу жазаланаарын” билдирди.

Ал сүрөттө патриарх айнек сымал чагылышкан үстөлдө отурганы, билектерин кара желегинин жеңи гана жаап турганын көрсөткөн. Бирок көрсө үстөлдө Кириллдин колу чагылышып, ал кымбат баалуу “Breguet” фирмасынын саатын тагынганы көрүнүп калган экен.

Бул окуя патриарх Кирилл 2009-жылы Украинага баргандан бери талкууланып келген. Кийинчерээк аныкталгандай, ал сааттын баасы 40 миң долларга жакындайт экен. Патриарх өзү өткөн аптада мындай саатты өмүрү такпаганын, сүрөттөрдүн баары жасалма экенин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG