Пакистанда кар көчкү астында калган 135 адамды табууга АКШ куткаруучулары көмөктөшөт. Америкалык альпинисттер тобу кар астында калган адамдарды табуу үчүн жөнөтүлчү экспедицияны жабдууга жана табууга көмөктөшөт. АКШнын Исламабаддагы элчиси Марк Строх: " Биз Пакистанга дагы кандай жардам жана колдоо керек экенин күтүүдөбүз. Кошмо Штаттар Пакистан апаат окуя менен күрөшүп жатканда өлкө менен бирге экенибизди билдиребиз" - деди "Азаттыкка" берген интервьюда.
Ишемби күнү Пакистандын Индия жак чек арасына жакын бийик тоолуу аймакта кар көчкү 200дөн ашуун пакистандык аскерди жана жарандарды 25 метрге чейин калың кар басып калган. Ырасмий Исламабаддын айтышынча, алардын арасында тирүүлөрү бар-жогу белгисиз.