Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев “Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорго кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Кеңешке талапкер болуу шарттары өзгөрдү. Маселен мындан ары Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана анын орун басарлары кеңештин мүчөсү боло алышпайт. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын талапкер болуу мүмкүнчүлүгү чектелди. Ошондой эле кеңештин кайсы бир мүчөсү чет мамлекеттин жараны экени аныкталса, адвокаттык иш жүргүзүү укугунан ажыратылса же саясий партияга тиешеси бар экендиги такталса ишин токтотууга милдеттүү. Мындан тышкары жаңы өзгөрүүлөр боюнча, президенттин Жогорку Сот жана Конституциялык палатага кеңеш тарабынан сунушталган бир адамдын талапкерлигин экинчи жолу четке кагууга укугу болбойт.

Былтыр жайында түзүлгөн Сотторду тандоо кеңеши мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам толук кандуу иштебей келген. Жогорку Кеңеште мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ал парламенттин жыйынында 2-мартта жактырылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG