Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Ош: Жаңы шайланган шаар депутаттарына күбөлүк тапшырылды


Бүгүн Ош шаардык кеңешине жаңы шайланып келген депутаттарга күбөлүк тапшыруу салтанаты болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен жыйынтыкка ылайык, 45 депутаттык орундун 21и Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык делген «Улуттар биримдиги» партиясына, 11и социал-демократтарга, сегизи "Республика" жана экөө "Адилеттүү Кыргызстан" партияларына тийди. "Ата Мекен", "Замандаш" жана Элдик-демократиялык партиялары бирден мандатка ээ болушту.

Күбөлүктөрдү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов өзү тапшырды. Мандат бөлүштүрүү боюнча эч бир тараптан нааразылык билдирилген жок.

Буга чейин «Улуттар биримдиги» партиясы "23 депутаттык орунга ээ болмокпуз" деп нааразылык билдирип келген. БШК төрагасы депутаттык орундар мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлгөнүн айтты. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG