Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:49

Араванда эки үйдү өрттөп кеткендерди издеп жатышат


Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кароол-Дөбө участогунда эки тургундун чакан үйлөрүн өрттөп кеткендерди издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, Р.Алиевдин чакан үйүндө төшөнчү, кийим-кечеси күйүп кетти. Ал эми А.Абдуваиповдун чакан үйүнүн жыгач шыбы күйгөн. Эки жерде тең атайын өрттөө болгону айтылууда, күнөөлүүлөр такталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG