Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Орусия: Астраханда оппозиция күч алууда


4 мартта өткөн Астрахань шаар мэрин шайлоону жокко чыгарууну талап кылган ачкачылык акциясы уланып жатканына 20 күндөн ашты. Ушул тапта Москва жана башка шаарлардан Астраханга келген оппозиционерлердин саны улам көбөйүүдө. Ачкачылык кармагандар бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери Михаил Столяровдун жеңиши массалык мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, шайлоону жокко чыгармайынча тынчыбайбыз деп жатышат.

Азыр Астрахандагы нааразычылык акциясына оппозиционерлер Алексей Навальный, Илья Яшин, Сергей Пархоменко жана Мамдуманын депутаттары Илья Пономарев менен Дмитрий Гудков келип кошулду. Интернеттеги активисттердин “Шайлоочулар лигасы” Астрахандагы оппозиция митингине келүүнү каалагандарга каражат чогултуп баштады. Астрахан облусунун губернатору Александр Жилкин шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга эч кандай негиз жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG