Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Иран: Ахмединежадга каршы чыккандар окуудан айдалат


Иран бийлиги 2009-жылы Махмуд Ахмединежаддын кайрадан президент болуп шайланышына каршы акцияга чыккан студенттерди окуудан айдап, мугалимдерди жумуштан кетирүүнү көздөп жатат. Расмий ИРНА агенттиги кабарлагандай, Ирандын илим жана билим берүү министри Камран Данешжу “эгерде Тегеран бул чечимди кабыл албаса, президентке каршы чыккан адамдар кандайча окутуучу же студент болуп калганын аныктоо кыйынга турат” деп билдирди. Соңку жылдары Иранда либералдык көз караштагы бир нече профессорлор жумуштан бошотулуп, ондогон активист студенттер окуудан чыгарылып камака алынган.

XS
SM
MD
LG