Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:02

Талас: Өкмөттүн арзан кара майын алуучу жок


Талас облусунда өкмөт берип жаткан арзан кара майды район-айылдарга ташып кетүү солгун жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн облустук акимчиликте өткөн жыйында айтылды.

Акимчиликтин аппарат башчысы Байыш Дүйшөбаевдин айтымында, акимдер менен айыл өкмөт башчылары дыйкандарга канча кара май керегин тактап, ташып жеткирип берүү ишин жакшы аткарбай жатышат.

Облуска бир литри 33 сомдук 231 кубметр солярка бөлүнгөн. Анын бир дагы литри дыйкандарга жеткириле элек.

-Бизге бөлүнгөн күйүүчү май Маймак станциясында турат. Эгерде 13-апрелге чейин тартып албасак андан айрылып калышыбыз ыктымал. Башка аймактарга жөнөтүп жиберет. Насыя катары 40 тонна жүгөрү үрөөнү бөлүндү, аны дагы алган жокпуз, - деди Дүйшөбаев.

Жер семирткичтер менен облус 4% гана камсыз болгону да айтылууда. Учурда Манас районунда айдап-себүү иштери кызуу жүрүп жатат, калган аймактарда жаңыдын гана башталууда.

Таласта кара майдын бир литри азыр 39 сомдон сатылып жатат. Коңшу Казакстанга жакын айылдарда жашаган дыйкандар кара майды казак тараптан арзаныраак сатып алышат. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG