Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдашынча, 2030-жылга кем акыл адамдардын саны азыркыдан эки эсеге көбөйөт жана 65,7 миллионго жетет. Уюм шаршемби күнү жарыялаган докладга караганда, бүгүн акылы кем 35,6 миллион адам болсо, 2050-жылга алардын саны үч эсе көбөйөт. Дүйнө өлкөлөрү кем акыл адамдарды дарылаганга жылына 604 миллиард доллардан көп каражат коротот. Мээ илдетине чалдыгып, деменция же кем акыл болгон адамдардын эс тутуму начарлап, алар өз жүрүм-турумун көзөмөлдөбөй калат.