Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Түндүк Корея орбитага ракета учурганга камданууда


Түндүк Корея орбитага учурулчу ракетасына отунун жүктөй баштаганын жарыя кылды. Бирок спутник качан учурулары айтылган жок. Батыш өлкөлөрү Пхеньян узак аралыкка учуучу ракетаны сынаганы жатат деп шектенүүдө. АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон “регионалдык коопсуздукка түздөн түз коркунуч туудурат” деп, Пхеньянды ракетаны учурбоого чакырды. Ошондой эле Пхеньян пландан баш тарпаса, Вашингтон маселени БУУнун Коопсуздук кеңешине койорун эскертти. АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райстын билдиришинче, Коопсуздук кеңеши Пхеньян “бузукулук кадам” жасаганы жатат деп санайт.

XS
SM
MD
LG