Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Сирия оппозициясы жана АКШ Дамаскка ишенбейт


Сирия оппозициясы БУУнун жана Араб өлкөлөрүнүн атайын чабарманы Кофи Аннан тарабынан сунушталган согушту токтотуу боюнча тынчтык планынын шарттарын бийлик аткарган жок деп билдирди. Дамаск кабыл алган тынчтык планы боюнча 10-апрелден тарта бийлик согуштук аймактардан аскерлерин жана согуштук оор куралдарын алып чыгып кетиши керек эле.

Оппозициялык Сирия Улуттук кеңешинин билдирүүсүнө караганда, согуш ушул күндөрү кадимкидей уланууда, кечээки кагылышта эле дагы 12 адам набыт болду. Бир аз мурун Сирия бийлиги тынчтык келишимдин шарттарын 12-апрелдин таңынан тарта күчүнө киргизебиз деп Кофи Аннанды ишендирген эле. АКШнын БУУдагы өкүлү Сьюзан Райс кечээ Америка Кошмо Штаттары “Дамаск келишимди бузгандыгы үчүн аларга ишенбейбиз” деп билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG