Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Лавров: АКШнын мыйзамы орток мамиле үчүн зыян


АКШда сенаторлор сунуш эткен орусиялык адвокат Сергей Магницкийдин түрмөдөгү өлүмү боюнча мыйзам долбоору жактырылса, ал Советтер Союзу менен сооданы чектеген 1974-жылдагы Жэксон-Ваник толуктоосун алмаштырмакчы. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жаңы мыйзам АКШ-Орусия алакасына кедерги болоорун мындайча эскертти:

Жэксон-Ваник мыйзамын жаңысы менен алмаштырып, аны Орусияга каршы мыйзамга айлантуу аракетине карата биздин мамилебизди америкалык тарап жакшы билет. Мындай аракеттерди биз таптакыр кабылдай албайбыз. Магницкийдин иши биринчи кезекте орусиялык маселе.

Орус өкмөтүндөгү коррупциялык иштерди иликтеген 37 жаштагы Магницкий 2009-жылы камак жайында көз жумган. Узак мезгил бою анын доктор чакыруу талабы аткарылган эмес. Ушул аптада Орусияда Магницкийдин өлүмү боюнча шектелген эки түрмө дарыгеринин бирине коюлган айыптоолор алынып салынган эле. Америкалык мыйзам долбооорунда адам укуктарынын бузулушуна жол берген орусиялык мамлекеттик кызматкерлерге каршы санкция киргизүү каралган.

XS
SM
MD
LG