Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

28-апрелде үч шаарда мэр шайлоо өтөт


28-апрелде Токмок, Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин шайлоо өтөт. Мындай токтом кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. БШКнын шайлоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Берик Исаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жаңы мыйзам күчүнө кире электе мэрлер ишке киришип калган шаарларда азыр иштеп жаткан мэрдин мөөнөтү аяктагандан кийин гана шайлоо өтөт. Мындан улам Ошто мэр Мелис Мырзакматовдун мөөнөтү аяктагандан кийин гана шайлоо уюштурулат. Учурда Ош шаар мэри качан шайланаары такталып жатат.

Жаңы мыйзамга ылайык, шаар башчысын шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Депутаттар бир канча коалиция түзүп талапкерлерди сунушташат. Көпчүлүк депутаттардын добушун алган талапкер мэр болуп шайланат. Мэрдин иштөө мөөнөтү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү менен бирдей болот.

Ош, Каракол, Токмок Каракол шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо 4-мартта өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар нааразылыктар айтылган. Балыкчы шаардык кеңешинин жаңы депутаттары болсо 25-мартта шайланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG