Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Ысык-Атада сууга чөгүп кеткен бала табыла элек


Чүйдүн Ысык-Ата районунда каналга чөгүп кеткен бала дагы эле табылбай жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 10-апрелде саат 17:10 чамасында Чоң Чүй каналына Кант шаарынын тургуну 2005-жылы туулган А.Таштанбеков чөгүп кеткен. ӨКМнын суучулдары жана Токмок шаарынын куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүштү. Бирок натыйжа жок болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG