Буга байланыштуу Кыргызстандын өлкө жетекчилери куттуктоо жолдошту. Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Пасханы жашоонун салтанатын жана адеп-ахлактык жаңыланууну туюндурган православ христиандарынын эң башкы майрамы деп атады.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов майрам чыдамкайлыкка жана эмгекти сүйүүгө чакырарын, элге рухий күч-кубат берип, коомдогу жек көрүүчүлүк, душмандык өңдүү жамандыкты жеңүүгө жардам берерин белгиледи.
Пасха христиан дининде Иса машаяктын (Иисус Христостун) тирилген күнү катары майрамдалат. Кыргызстанда 400 миңден ашуун орус, украин, беларус жарандарынын басымдуу бөлүгү православдар болуп саналат. (EBM)