Бүгүн таңга жуук Пакистанда түрмөгө жасалган чабуулдун натыйжасында 384 арестант абактан качып кетти. Жакшы куралданган согушчандар Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарындагы түрмөгө чабуул коюп, Эднан Рашидди чыгарып кетүүнү көздөгөнүн Пакистан бийликтери “Машаал” радиосуна билдиришти. Рашид өлкөнүн мурдакы президенти Первез Мушаррафка каршы кутумга катышканы үчүн абакка кесилген. Талиптердин өкүлү Азим Мехсуд “Машаал” радиосуна Банну түрмөсүнө “бомбалуу 150гө жакын жанкечти” кол салганын маалымдады.