Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Сирияга эл аралык байкоочулар келишти


Убактылуу элдешүүгө коркунуч келтирген салгылаштар уланып жаткан өлкөгө Бириккен улуттар уюмунун алгачкы сегиз тынчтык байкоочусу келди. Активисттердин айтымында, Сириянын борбордук бөлүгүндөгү Хомс шаары катуу аткыланып жатат, ал эми козголоңчулар Алеппо дубанында полиция бөлүмүнө чабуул жасашканы кабарланууда. Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун Сириядагы кырдаалга тынчсыздануусун мындайча билдирди:

Кан төгүү токтогон абалды сактап калуу үчүн Сирия өкмөтүнүн бардык чараларды көрүшү өтө зарыл. Кечээтен бери абал начар. Сириянын өкмөтү Хомс шаарын аткылоону улантууда. Карапайым тургундардын арасында курмандыктар болуп жатат.

Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда 12-апрелде күчүнө кирген убактылуу элдешүүнүн сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө 30 куралсыз байкоочуну жиберүүгө бүтүм кылган эле.

XS
SM
MD
LG