Ошто бир адам өзүн өзү өрттөп жиберди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.
15-апрелде кечки саат бештерде Ош шаарынын борбордук аянтында Алай районунун Курманжан Датка айылынын тургуну, 1947-жылы туулган Сеитбеков Каныбек өзүн өзү өрттөгөн. 18 саат 40 минутада ал Ош облустук клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө бетинен, башынан, мойнунан, денесинен, бутунан 96 % күйүк алып түшкөн. 22 саат 30 минутада операциядан кийин ооруканада каза болгон. (RK)