Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Тергөө комитети Политковскаянын иши боюнча билдирүүнү сындады


Орусиянын Тергөө комитетинин басма сөз өкүлү Владимир Маркин журналист Анна Политковскаянын өлүмү боюнча ишти тергөө аяктап калды деп айтуу азырынча эрте деп билдирди.

Бүгүн эртең менен Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Игорь Шутов кылмыштын бетин ачуу иши соңуна чыгып калды деп айткан. Маркиндин айтымында, ички мекеме ал ишти тергөө менен алектенбейт жана андай тыянак жасоо үчүн тиешелүү маалыматтары жок.

“Новая газетанын” кабарчысы Анна Политковская 2006-жылы 7-октябрда үйүнүн жанынан киши колдуу болуп өлгөн. Маркум Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө көп жазып жүргөн жана Кремлдин сынчысы катары белгилүү болчу. Иш боюнча бир нече киши айыпталууда. Бирок буйрук бергендер аныктала элек.

XS
SM
MD
LG