Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Македонияда полиция жаштар менен кагылышты


Өткөн аптада баш калаа Скопиеде беш кишинин өлтүрүлүшүнө нааразы болгон жаштар полицияны таш бараңга алды. Бийликтер Македониянын славян тилинде сүйлөгөн көпчүлүктүн беш өкүлү эмнеден өлтүрүлгөнүн кабарлаган жок, бирок көпчүлүк этникалык мусулман албандар менен тирешке көңүл бурушууда. Скопиеде кечээ парламенттин алдында жана борбордук аянтта жүздөгөн жаштар демонстрация өткөрүп, улутчул жана албандарга каршы ураандарды чакырышты. Кийин полиция аларды албандар жашаган аймакка өткөрбөй койду. Өкмөт жана батыш өлкөлөрү тараптарды сабырдуулукка чакырууда.

XS
SM
MD
LG