Бул тууралуу баш прокурор Аида Салянова кечээ, 16-апрелде парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Биргелешкен жыйында апрел-июн окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууланган. Баш прокурор апрел окуясына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана июн окуясы боюнча өзбек лидерлеринин бири Жалалиддин Салахутдинов эл аралык издөөгө алынган. Салянова көп учурда күнөлүү делген адамдарды экстрадициялоо өтүнүчүнөн майнап чыкпай жатканын билдирди.
Учурда Башкы прокуратура маалыматтарды англис тилинде даярдап, башка күнөөлүү делген адамдарга дагы эл аралык издөө жарыялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, жалпысынан 23 адамга издөө жарыяланган.
2010-жылы апрелде миңдеген кишилер мурдагы президент Бакиевдин режимине каршы чыгып, 90го жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жараат алган. Ушул эле жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык кагылышууда төрт жүздөн ашуун киши мерт болгон. Миңден ашууну ар кандай жаракат алышкан. (КЕ)