Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов менен жолугуп, 13-апрелде Ошто болгон окуяны талкуулашты. Министр Орусиянын жараны болгон аял төрт жаштагы баласын мууздап, эки жаштагы кызын да бычактаганын, кылган ишин моюнуна алганын айтты. Ал аялды суракка алып жатканда орусиялык чек арачылар, консулдуктун өкүлдөрү да катышканын кошумчалады.
Элчи Власов орусиялык тараптын ал аялды кармап, суракка алган Кыргызстандын тартип коргоо органдарына эч доосу жок экенин, тергөөгө орусиялыктар да катышаарын билдирди.
Элчи да, министр да айрым орусиялык маалымат каражаттарында бул окуя бурмаланып чагылдырылганын айтышты. (RK)