Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Таласта беш жашар кызды зордуктады деп шектелген адам кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү адам Талас облусунун Манас районунда кармалды. Маалыматка ылайык, 11-апрелде кечки саат 11лер чамасында белгисиз бирөө күч колдонуп жергиликтүү тургундун 2007-жылы туулган кызын зордуктаган. Милиция кызматкерлери аталган райондун 24 жаштагы эч жерде иштебеген тургунун шектүү деп кармашкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү адам үй кожейкесинин жоктугунан пайдаланып, үйгө кирип барып, уктап жаткан кызды зордуктаган. Ал кезде энеси кошунасына жардам бергени чыгып кеткен. Зордукталган кыз ооруканага жаткырылганы, абалы оор экени жана операция жасалышы керектиги маалыматта айтылат. Аны менен учурда психологдор иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG