Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

АКШ Фуркаттагы жолчырактарды оңдоого жардам берет


АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 17-апрелде 87 миң долларга чукул грантты Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы көчө жарыгын оңдоо иштери үчүн бөлүп берди. USAIDдин Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын көзөмөлүндөгү бул долбоор 2,5 чакырымдан ашуун жолуна орнотулуучу 100дөн ашык электр мамылары жана жарыктары менен камсыздап, 3 500гө чукул айыл тургундарына жардам берет. Шарк айылынын жергиликтүү өкмөтү керектүү макулдашуу жана уруксат кагаздары менен камсыздап, жолчырактарды кароого жылына 5,5 миң доллар бөлүп турат. 51 чакырымдан ашуун көчө жолдорун жарык менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте иш ашырылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG