Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Жер маселесин чечүүнү талап кылгандар митингге чыгышты


Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын айрым тургундары бүгүн нааразылык акцияга чыгышты. Элүүдөй киши Жогорку Кеңештин алдына барып там салып алган жер участокторуна тиешелүү документтердин берилишин талап кылышты. Төрт сотка жердин документин бүтүрүш үчүн алардан 170 миң сомдон талап кылып жатканын айтышты.

Өткөн аптада да Бишкектин түндүк-чыгыш тарабындагы "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштардын айрым тургундары жол тосушкан. Алардын жерге болгон укуктарын бекемдеген документ берилишин шаар жетекчилигинен талап кылышкан.

Мындай талап 2006-жылдан бери коюлуп келатканы, учурунда бул жер участокторун алар басып алганы айтылууда. Нааразылык акциясын уюштургандардын айтымында, алар басып алган жерлерге шаар мэриясы уруксат берип, тиешелүү токтомун чыгарган. Бирок али күнчө ар бир участокко ээлик кылуучу документтер берилбей келет.

Жол тоскондордун арасында Алтын-Казык, Калыс-Ордо, Ак-Бата жана Мурас жаңы конуштарынын өкүлдөрү бар экени айтылууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG