Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

"Ата Мекен": Чек арада жер сатууга тыюу салыш керек


Коңшу мамлекеттер менен чектеш жерде жайгашкан айылдарда чет элдик жарандарга жер жана үй сатууга тыюу салыш керек. Мындай сунуш бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылды. Тиешелүү мыйзам долбоор иштелип чыкмай болду.

Жыйынга катышкан өкмөттүн Чек ара делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров бул демилге негиздүү экенин билдирди. Себеби Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш жерлерде кыргыздардын үй-жайы башкаларга сатылып кетүүдө. Бул маселе Баткен облусунда айрыкча курч болуп жатат.

Искандаровдун айтымында, чек арада жайгашкан 60тан ашык айылга өзгөчө макам берип, алардын коопсуздугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында атайын өнүктүрүү программасы иштелип чыкты. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG