Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Брейвиктин соту уланууда


Норвегиянын борбору Ослодо өткөн жылдын жайында 77 кишини өлтүргөн Андерс Брейвик сотто көрсөтмө берип жатканына бүгүн төрт күн болду. Ал бүгүн Утойя аралчасындагы жаштардын жайкы лагеринде 69 кишини атып салганы тууралуу прокурорлордун суроосуна жооп берип жатат. Анын адвокаты бүгүн “соттун жүрүшүндөгү эң татаал күн” болоорун айткан эле. Брейвик кечээ көрсөтмө берип жатып Утойя аралында 69 кишини эмес, керек болсо 569 кишини өлтүрүүнү пландаганын айтты.

Айыпталуучу өткөн жайда Осло шаарында 8 адамды жардырып, ошол эле күнү кечинде Утойя аралчасындагы жаштардын жайкы лагеринде 69 кишини атып салган. Ал сотто 77 китшини өлтүргөнүн мойнуна алып, бирок өзүн күнөөм жок деп эсептей турганын билдирген. Ал өзүн коргоо үчүн жана “көп маданияттуу” саясатка каршы ушундай кадамга барганын айтууда.

XS
SM
MD
LG