Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Пакистан: авиакырсыктан тирүү калгандар болушу күмөн


Исламабаддагы авиакырсыктын курмандыктары тууралуу түрдүү маалыматтар келүүдө. Жарандык авиация башкармалыгы учактын бортунда 121 жүргүнчү жана 9 экипаждын мүчөсү болгон десе, Коргоо министрлиги 126 адамдын набыт болгонун айтууда, ал эми полициянын маалыматы боюнча учакта 127 адам болгон. Куткаруучулар авиакырсыктан тирүү калгандар болушу мүмкүн эместигин айтууда.

Жергиликтүү "Бходжа Эйр" компаниясынын учагы Исламабад аэропортуна бир нече километр жетпей кулап түшкөн. Учак толугу менен күйүп кеткени кабарланууда. Карачиден Исламабадга келаткан учак катаал аба ырайына карабай асманга көтөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG