Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:19

Орусия: ымыркайын таштаган кыргызстандык аял кармалды


Орусиянын күч органдары мындан 5 күн мурун Орел шаарындагы темир жолдун жанындагы ажатканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштай качкан кыргызстандык аялды кармашканын маалымдашты. Ымыркай өтө үшүгөн абалда ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап калышты. Окуяны иликтеген тиешелүү органдар көп убакыт өткөрбөй эле 30 жаштагы кыргызстандык аялды кармап, ал күнөөсүн мойнуна алды. Ал 17-апрелде эртең менен ажатканада төрөп, уулун ошол жерде калтырып кеткен. Орусиянын Кылмыш кодексине ылайык бул аял 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. JAk

XS
SM
MD
LG