Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

ЕБ Мянмага каршы санкцияларды убактылуу күчүнөн кетирди


Армия мындан бир жыл мурда чегинген Мянмадагы соңку реформалардан кийин Европа Биримдигинин мүчөлөрү бардык санкцияларды бир жылга токтотууга макул болушту. Люксембургда тышкы иштер министрлеринин жыйынында бир гана курал сатууга чектөө күчүндө калтырылды.

Жарандык өкмөт бийликте турган Мянмада ушул айдагы эркин шайлоодо демократиялык оппоизиция лидери Ау Сан Су Чи парламентке шайланды. Бүгүн Су Чи жана анын партиялаштары депутаттык анттын мазмуну боюнча талаштан улам, парламенттин ачылыш аземине катышуудан баш тартышты.

XS
SM
MD
LG