Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШнын экс-элчиси Ахмедияровго кол салууну иликтөөгө чакырды


АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси Уильям Кортней журналист Лукпан Ахмедияровдун сабалышын эл аралык комиссия тарабынан иликтөөгө үндөдү. “Кол салгандардын бийликтеги кимдир бирөөнүн буйругу менен аракеттенгени айдан ачык”, - деген Кортней, “мындай жагдайда эл аралык тергөөгө гана ишенсе болоорун” айтты.

“Урал жумалыгы” гезитинин кабарчысы Ахмедияровду жума күнү Орал шаарында бычактап, пневматикалык куралдан атып кетишкен. Басылманын башкы редактору Тамара Еслямова “Азаттыкка” маалымдагандай, журналист реанимациядан жөнөкөй бөлүмгө которулду. Ахмедияровдун кесиптештери кол салууну анын журналисттик ишмердигине жана өкмөттү сындаган материалдарына байланыштырат.

XS
SM
MD
LG