Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Екатеринбургда эки кыргызстандык бычакталды


Орусиянын Екатеринбург шаарында эки кыргызстандык бычакталды. Окуя 15-апрелде болгонун "Азаттыкка" Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун атташеси Азат Береналиев кабарлады. Анын айтымында, 15-апрелде таңкы саат төрттөрдө Донбасская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үч жаранга кол салуу болгон. Алардын экөө кыргызстандыктар экени аныкталды. Арстанбеков Нурмат үч жолу, Жайлоокан уулу Эркинбек эки жолу бычак жеген, үчүнчү жаран кол салгандардан качып кутулган.

Жергиликтүү тартип коргоо органдары кылмыш иш козгоп, тергеп жатышат. Кылмышка шектүү деп кыргызстандык өзбек тектүү беш жаран кармалды. Бирок алар кайра коё берилгени кабарланууда. Ошол себептен консулдук алардын эмне үчүн коё берилгенин түшүндүрүп берүүнү өтүнүп Екатеринбургдун ички иштер башкармалыгына кайрылды.

Жараат алган кыргызстандыктар азыр ооруканада, абалы жакшы. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG