Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Бишкектин батыш тарабын электр менен камсыздоо жакшыртылды


“Түндүк электр” ишканасы 24-апрелде Бишкек шаарынын батыш тарабын электр менен камсыз кылган көмөкчордонун алмаштырды. Ал Биринчи Май жана Ленин райондорун, Ош базарынын тегерегин электр энергиясы менен камсыз кылат. Буга чейинкисинин кубаттуулугу 10 000 киловольт-ампер болчу. Жаңы орнотулганыныкы 16 000 киловольт-ампер. Ал Казакстандын Кен-Тау шаарындагы трансформатор чыгарган заводунда жасалган. Баасы 11 миллион сом. Кышында 1400 Амперлик күчкө чыдай алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынын референти Астра Базаркулова билдирди. Быйыл кышта Бишкектин батыш тарабында электр жарыгы көп өчүп, эл кыйналганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG