Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Кара-Балтадагы митингге эл келбей койду


Бүгүн Кара-Балта шаарында митинг өтмөк, бирок эл келбей койгонуна байланыштуу болбой калганын кабарчыбыз билдирет. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Оомат Казакбаев бүгүн ачык жыйын өтүп, өлкөдөгү коомдук-саясый абал талкууланмагын "Азаттыкка" билдирди. Оппозицияга эч тиешеси жок экенин, бирок талаптары окшош экенин айтты. Бүгүнкү акцияны буга чейин Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда оппозиция өтөргөн митингдердин уландысы деп кабыл албаш керек экенин кошумчалады.

Жыйын Кара-Балтанын маданият үйүндө өтмөк. Сөз сүйлөй тургандар үчүн атайын орундар камдала баштаган. Бирок уюштуруучуларды кошкондо 20-25 чакты адам эле чогулду. Негизги талап катары өкмөттүн отставкасы, 2010-жылдын апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрүн аныктоо маселеси коюлмак. Дал ушул талаптарды оппозиция да коюп келатат. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG