Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Италияда «Мекен» ассоциациясы түзүлдү


Жаңы түптөлгөн ассоциациянын активисттери Италия менен Кыргызстандын ортосунда маданий, социалдык алакаларды кеңейтүү максаты турганын «Азаттыкка» айтышты.

Расмий маалыматтар боюнча Италияда 5 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар жашайт. Эмгек мигранттары бул өлкөдө негизинен тейлөө кызматтарына тартылган. Кыргызстандыктар алыста өз киндигин өзү кесип, өздөрү түптөгөн уюм-диаспоралар аркылуу бири-бирине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келишет. Жаңы гана түзүлгөн “Мекен” ассоциациясынын максаттары тууралуу Италияда 10 жылга чукул жашаган мекендешибиз Гүлнара Арыкбаевадан билдик.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:29 0:00
Түз линк

Италияда Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгү жок, Швейцариядагы кыргыз элчилиги Италия менен дагы алакаларды жүргүзөт. 17-апрелде Рим шаарында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Гүлнара Искакова Италиянын президенти Жоржо Наполитаного ишеним грамотасын тапшырды. Бул жакшы кабарды уккан Италиядагы мекендештерибиз 10 жылдап топтолгон маселелерди чечүүгө иш жүзүндө аракеттер башталат деп үмүттөнүп турушканын "Азаттыкка" билдиришти.

Женевадагы элчинин кеңешчиси Улан Данияров Неапол шаарында жүргөндө телефон аркылуу байланышып, чакан маек курууга үлгүрдүк:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00
Түз линк

Кыргызстандын ТИМи миңдеген кыргызстандык жарандар жашаган Италияда консулдук ачууга аракеттенип жатканын министр Руслан Казакбаев "Азаттыктын" “Интернет эрөөлүнө” келгенде билдирген эле. Тилекке каршы каражаттын тартыштыгынан өз алдынча элчилик ачууга мүмкүнчүлүк жоктугун дагы министр түшүндүргөн.

“Мекен” ассоциациясы Кыргызстандын тышкы иштер мекемесине кайрылып, Кыргызстандын Италиядагы ардактуу консулдугун түзүүгө расмий уруксат берүүнү суранышат. Түптүү элдин өкүлү болгон ардактуу консул кыргыз мигранттарынын укуктук маселелерин чечүүгө, италян бийликтери менен алака-катнаш түзүүгө жардам берет экен.


60 миллиондон ашуун калкы, ага кошумча 5 миллиондой чет элдик мигранттар мекендеген Италиянын азыркы экономикалык абалы көңүл толоорлук эмес. Каржы кризисинин айынан жумушчу орундары кыскарып, өлкө тыкыр үнөмдөө саясатына өткөн. Кыргызстандан алгачкы эмгек мигранттары Италия жергесине 15 жыл мурун келе башташкан. Бул өлкөдөгү мекендештерибиз өз демилгеси менен Кыргызстан-Италия “Манас” маданий ассоциациясын, Рим менен Неаполдо кыргыз диаспорасын, “Мекен”, "Кыргыз-клаб" сыяктуу уюмдарды түзүшкөн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG