Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Италия: Берлускони доору аяктады


75 жаштагы Берлускони 17 жылдан бери чоң саясатка аралашып, өкмөттү жалпы жонунан 10 жыл башкарды.
75 жаштагы Берлускони 17 жылдан бери чоң саясатка аралашып, өкмөттү жалпы жонунан 10 жыл башкарды.

Италияда жаңы техникалык өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ишембиде премьер-министр Силвио Берлускони кызматынан кетүү арызын президентке тапшырган. Бир нече жаңжалдарга кириптер болгон миллиардер-саясатчы финансылык кризиске байланыштуу бийликтен кетүүгө аргасыз болду.

Президент Жоржио Наполитано жаңы кабинет түзүү аракетинде парламенттин эки палатасынын төрагалары менен жолуккан соң, саясий партиялардын лидерлери менен кеңешме өткөрдү.

Андан көп узабай президент жаңы техникалык өкмөттү түзүү милдетин Евробиримдиктин мурдагы комиссары, экономист, профессор Марио Монтиге тапшырганы жар салынды. Президент Наполитано дүйшөмбүдө биржалар ачылгычакты мунаса табылып, Монтиге жаңы кабинет түзүү мандаты тапшырылат деп үмүттөнөөрүн айткан эле.

Өткөн аптада Италиянын мамлекеттик облигацияларынын баасы түшүп, карыздын үстөгү 7 процентке өсүп кеткен. Мындай абалда буга чейин Португалия, Греция жана Ирландия финансылык жардам суроого мажбур болушкан. Италия - Еврозонадагы үчүнчү ири экономика. Адистер өлкө дефолтко туш болушу ыктымал деп көптөн бери эскертип келатышат. Мындай абал Евробиримдикти, өзгөчө бирдиктүү валютаны колдонгон мамлекеттерди кооптондурбай койбойт.

Өкмөт башчынын экономикалык реформаларды жүргүзүү кудурети күмөн жараткандыктан, өлкө саясий кризиске да кептелген. Берлускони парламент реформалар долбоорун жактырса эле кызматынан кетери тууралуу убадасына туруп, ишембиде арызын президентке тапшырды. Президенттик сарайдын жанында аны нааразы болгон элдер “маскарапоз”, “ууру” деген сөздөр менен тосуп алышты.

Берлускони өзү болсо 3 жарым жылда жүргүзгөн саясатына сыймыктанаарын айтты.

Катардагы италиялыктар жаңы өкмөттүн келиши менен турмуш оңолот деп ишенишет:

- Оң өзгөрүүлөр болооруна ишенем, бирок жаңы өкмөттү күтө туралы. Анын башына банктардын таламын талашкан адам эмес, биздей студенттерди да ойлогон, окуу жайлардын камын көргөн саясатчы келет деп үмүттөнөм, - деди римдик студент Меттео Лючани.

Август айында Италия өкмөтү Европанын Борбордук банкынын талабына ылайык, мамлекеттик бюджетти үнөмдөө чараларын жактырган. Берлускони бюджеттин чыгымдары 45 жарым миллиард еврого кыскартылаарын айтып, бул – айласыз кадам деп белгилеген:

- Бул өкмөт италиялыктардын капчыгына кол салбайбыз деп убада кылып келди эле, бирок дүйнөдөгү кырдаал өзгөрүүдө. Ири глобалдуу проблемаларга туш болуудабыз.

Долбоорго ылайык, коомдук чыгымдар, 50 миңдей жумушчу орун кыскартылат, байлар үчүн салыктар көбөйтүлөт.

75 жаштагы Берлускони 17 жылдан бери чоң саясатка аралашып, өкмөттү жалпы жонунан 10 жыл башкарды. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки Италиянын тарыхында бир да саясатчы мынча убакыт премьерлик кызматты аркалаган эмес.

Медиамагнат жана миллиардер Берлускони бир катар коррупциялык, сексуалдык жаңжалдарга малынып, соттук териштирүүлөргө туш болгон. Бирок аны кызматтан финансылык кризис кулатты. Берлускони бул ирет өкмөттү 3 жарым жылдай эле жетектеди. Анын партиясы 2008-жылдын апрелинде мөөнөтсүз шайлоодо жеңип, Берлускони социалист Романо Продинин ордун кайрадан ээлеген. 62-өкмөттүн башчысы эмки парламенттик шайлоого катышпай турганын ырастоодо.

Эмки шайлоо 2013-жылга пландалган. Ошентип, жаңы өкмөт 18 ай иштеп, ага экономикалык реформаларды ишке ашыруу озуйпасы жүктөлөт.

Берлускони финансылык кризистин "курмандыктары" болуп калган европалык өкмөт башчылардын катарын толуктады. Ага чейин Ирландия, Португалия, Греция, Словакия премьерлери кызматтарынан кетүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG