Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Дүйнөлүк базардагы "ишеним кризиси"


Бейшембиде АКШдагы фондулук биржаларда көрсөткүч кескин төмөндөп кеткен, 4-август, 2011
Бейшембиде АКШдагы фондулук биржаларда көрсөткүч кескин төмөндөп кеткен, 4-август, 2011

“Европанын карыз кризисинен жана АКШнын экономикасы дагы бир кризиске кептелет” деген коркунучтардан улам бүгүн да дүйнөдөгү фондулук биржаларда төмөндөө уланууда.

Кечээ АКШнын фондулук биржасында көрсөткүч акыркы эки жарым жылдан берки эң төмөн деңгээлине жеткен. Бүгүн таң эртелеп Азиянын биржалары да ылдыйлаган көрсөткүч менен ачылды. Жапониядагы Nikkei 225 индекси 3,7% түштүп кетти, Түштүк Корея 4,2% жоготту.

Европадагы фондулук рынокто да абал ушундай эле. Франкфурттагы DAX менен Франциянын CAC 40 фондуларынын индекси 3% көбүрөөк жоготууга учурады.

Инвесторлордун ишеними “АКШ алдыда дагы бир рецессияга тушугат экен, Евробиримдик болсо Италия менен Испаниянын экономикаларына каржылык колдоо көрсөтүүгө мажбур болот” деген өңдүү коркунучтардан кийин жоголо баштады.

Азиядагы лидерлер бүгүн АКШдагы жана Европадагы кризис глобалдык экономиканы да артка тартпашы үчүн биргелешип ыкчам иштешүүгө чакырышты.

Аракетке чакыруу

Жапониянын Экономика министри Каору Йосано экономикалык саясатты жүргүзүп жаткандарды сындады.

"Азыр бүтүн дүйнөнү каржылык мамиле тыгыз чырмап турат, - деп сөзүн баштаган министр, - Демек, Нью-Йоркто же Лондондо болуп жаткан окуялар ошол эле жерлерге тиешелүү эмес, - деди. - Андыктан биз бүтүндөй каржы рынокторун эске алышыбыз лаазым".

Еврозонанын экономикасынын негизги тирөөчү саналган Германия менен Франциянын лидерлери улам коркунучу күчөгөн карыз кризиси боюнча сүйлөшүп жатышат.

Ангела Меркел менен Николя Саркозинин телефон сүйлөшүүлөрүнө Испаниянын премьер-министри Хосе Луи Родригез Запатеро да катышышы мүмкүн экени айтылган.

Мунун баары Еврокомиссиянын башчысы Хосе Мануэл Баррозу еврозонадагы 17 лидерди жалпы шаркеттеги карыздан кутулуу стратегиясы боюнча чукул чараларга чакыргандан эртеси болуп жатат.

Айрым башка өлкөлөр ушул аптада өздөрүнүн улуттук валютасын арзандаткан кадамдарга барышты. Муну глобалдык инвесторлор доллар менен евронун курсун кармап туруунун дагы бир жолун издөө катары көрүшүүдө. Жапония менен Швейцария өздөрүнүн акча бирдигин туруктуу кармап турушкан. Бирок бул алардын экспортуна терс таасирин тийгизген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG