Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

"Уолл стритти ээле" Европага да жайылууда


Британия. Өкмөттүн экономикалык саясатына жана килейген корпорациялардын суктугуна каршы уюшкан кыймыл мүчөлөрүнүн Лондон фондулук биржасынын бет маңдайында тиккен чатырлары. Баннерде "Капитализм кризисте" деген сөз жазылган. 16-октябрь 2011
Британия. Өкмөттүн экономикалык саясатына жана килейген корпорациялардын суктугуна каршы уюшкан кыймыл мүчөлөрүнүн Лондон фондулук биржасынын бет маңдайында тиккен чатырлары. Баннерде "Капитализм кризисте" деген сөз жазылган. 16-октябрь 2011

Дем алыш күндөрү Батыш Европада ири корпорациялардын ач көздүгүнө жана өкмөттөр кабыл алган катаал экономикалык чараларга каршы жүздөгөн адамдар катышкан акциялар өттү.

Бул акция бир ай мурда АКШда “Уолл стритти ээле” деген ураан астында башталган. Активисттер Лондон, Франкфурт жана Амстердамдын финансылык борборлоруна чукул чатыр тигишип, акцияны улантышууда.
Алар жасаган финансылык кылмыштарга каршы биздин экенибизди көрүшсүн.
Франкфурттагы акциянын катышуучусу

Римде ишемби күнү болгон кагылышууда 130дан ашуун адам жараат алды. Мындай акциялар 80ден ашуун өлкөдө, анын ичинде Кошмо Штаттардын бир канча шаарларында да болду.

Бир нече жүз британиялык анти-капиталист Лондондун фондулук биржасынын бет маңдайында Ыйык Павел чиркөөсүнүн алдына тиккен чатырлардын саны 70тей болот. Алар корпорациялар менен банктардын ач көздүгүнө каршы акцияны узак мөөнөт өткөрүүгө кам көрүшүүдө. Тамак бышырган активисттин "Ройтерс" агенттигине айтышынча:

- Дүйнөдө жашоо үчүн суу жана тамак-аштын болгону маанилүү. Биз ошон үчүн өзүбүздү колубуздан келишинче суу жана тамак менен камсыздоого аракет кылып жатабыз. Адамдар бир чыны чай ичкендей ысык суубуз бар. Бизде газ плита үчүн акча чогулткан адамдар бар. Кайнак суубуз болсо, колубузду жууп, таза болобуз. Биз арабызда саткын бирөөлөрдүн жана кызматкерлердин болгонун каалабайбыз.

Германия. Европа борбордук банкынын алдындагы конуштун тургундары отко жылынып жатышат. Франфурт. 15-октябрь 15Oct2011
Германия. Европа борбордук банкынын алдындагы конуштун тургундары отко жылынып жатышат. Франфурт. 15-октябрь 15Oct2011
Анти-капиталисттер орноткон баннерлерде “Чырдашпай Лондонду ээле” жана “Банкты эмес элди колдо” деген чакырыктар жазылган.

Жекшемби күнү Нидерландиянын байтакты Амстердамдагы Фондулук биржанын маңдайындагы аянтта да 300дөй адам чатыр тигип, өргүү алды. “Адамдар аянтта узакка чейин отурганга даяр. Алар чоң өзгөрүүгө жетишүү үчүн күнү-түн, жумалап отурат”,-дейт акцияны уюштуруучулардын бири Сет Левансе.

Германиянын финансылык байтакты Франкфурттагы Европа борбордук банкынын жанынан 200 чамалуу адам конуш алган. Алардын бири Александр Сак жекшемби күнү курган маегинде алар банкирлерге суктугун түшүндүрүп, көздөрүн ачууга камданып жатышканын айтты:

- Дүйшөмбүдөн тарта Европа борбордук банкынын маңдайынан орун алабыз. Банк кызматкерлери бизди аралай өтүп, жүзүбүздү көргөндөй кылабыз. Алар жасаган финансылык кылмыштарга каршы экенибизди көрүшсүн.

Эл арасындагы өкмөткө ишенбөөчүлүк эл аралык деңгээлде да айтылды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 16-октябрда түндө Парламенттер аралык союздун Женевадагы сессиясында сүйлөп, дүйнөнүн төрт тарабында тең улуттук өкмөттөр чоң дефицитке кириптер болуп жатканын, баарынан да “өкмөткө ишенимдин качканы” чоң көйгөйгө айланганын белгиледи.
Италия. Демонстранттар Римдин ортолук бөлүгүндлө банктын терезесин талкалап жатышат. 15-октябрь 2011
Италия. Демонстранттар Римдин ортолук бөлүгүндлө банктын терезесин талкалап жатышат. 15-октябрь 2011

Ишемби күнү улуттук өкмөттөрдүн экономикалык саясатына жана чоң компаниялардын зор кирешени чөнтөккө салууларына каршы он миңдеген адамдар катышкан тынч демонстрациялар Португалиянын борбору Лиссабондо, Испаниянын ордосу Мадридде, Италиянын баш калаасы Римде өттү. Бирок Римде демонстрация чатакка айланып, мүлк-машинелерге өрт коюлду. Полиция 12 адамды камакка алды. Тополоңдо 1 миллион евродон көп чыгым келтирилгени, 135 адам жарадар болуп, алардын көбү полиция кызматкерлери экени ырасмий маалымдады. Бейбаштык арийне римдиктердин нааразы кылды.

“Бул адамдар өз көз караштарын билдирүүгө жана маданияттуулукка окутулуш керек,-дейт римдик жаран.- Менин оюмча, мындай окуялар цивилизациялуу өлкөлөрдө болбош керек жана болушуна жол да берилбеш керек.”

Италиянын байтакты узактан бери мындай бейбаштыкты көрө элек болчу.

АКШ. "Уолл стритти ээле" кыймылынын катышуучулары "Таймс" аянтында. Нью-Йорк, 15-октябрь 2011
АКШ. "Уолл стритти ээле" кыймылынын катышуучулары "Таймс" аянтында. Нью-Йорк, 15-октябрь 2011
17-октябрда болсо Грекияда деңизчилер өкмөттүн экономикалык саясатына каршы баштаган 48 сааттык иш таштоо аралдар арасындагы байланышты токтотту. Шаршемби күнү жалпы улуттук иш таштоо башталат. Бул күнү Грек парламенти өкмөттүн өлкөнү финансылык кризистен куткаруу боюнча планын колго салууга тийиш.

Ал эми ишемби күнү Кошмо Штаттардын Чикаго шаардык саябагынан чатырларын жыйнап кетүүдөн баш тарткан 170тен ашык адамды полиция камакка алды. “Уолл Стритти ээле” кыймылынын башка 100дөй жактоочусу Аризонада да кармалды. Нью-Йоркто кыймыл мүчөлөрүнүн Таймс аянтындагы бийликке баш ийбеген акциясы күч менен таратылып, 70тен ашуун демонстрантты полиция кармап кетти.

“Уолл Стритти ээле” кыймылынын басма сөз өкүлү Билл Доббс билдиргенге караганда, бир ай мурда капиталисттердин ачкөздүгүнө каршы акция башталгандан тарта аларга 300 миң доллардай садага түшкөн. Кыймылдын айтымында, узак мөөнөттүк акция үчүн алар жууркан, жаздык, уктоочу кап, азык-түлүк, дары-дармек чогултушууда.

XS
SM
MD
LG