Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бюджет: ары тартсаң да, бери тартсаң да жетпейт


Карикатурачы Кимбайкенин (Төлөгөн Карыкеев) ар ким желинин кактап сааган, соңку учурда ачка кала берип жаткан бүжөт-уй тууралуу сүрөтү.
Карикатурачы Кимбайкенин (Төлөгөн Карыкеев) ар ким желинин кактап сааган, соңку учурда ачка кала берип жаткан бүжөт-уй тууралуу сүрөтү.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусу Кыргызстандын бюджет саясатына арналды.

Талкууга эксперттер Аскар Бешимов жана Жумакадыр Акенеев, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков катышты.

“Азаттык”: Каржы министрлиги келерки жылдын бюджет долбоорун жарыялады. Анын кирешеси 61 млрд. 100 млн. сом, чыгашасы 79 млрд. 700 млн. сом деп белгилениптир. Таңсыктык 18 млрд. 600 млн. сом экен. Бул ички дүң продукциянын 7,8% барабар экен. Мындай параметрдеги бюджетке кандай баа бересиздер?

Равшан Жээнбеков: Азырынча өкмөттүн бюджеттик көз караштары Жогорку Кеңешке келе элек. Жогорку Кеңешке келгенден кийин биз сөзсүз түрдө ал жакта талкуулайбыз. Жалпысынан 20 миллиардга жакын бюджеттин таңкыстыгы, менин оюмча, бул азыркы пландуу гана түрдөгү нерсе. Ал эми бюджетти аткара келгенде чыгаша, жетишсиздик мындан дагы көп болоруна менин толук көзүм жетет. Ошондуктан эмки жылы Кыргызстан үчүн аябай оор жылдардын бири болорун азыр алдын ала айтып койсок болот.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, сиз адис катары ушундай параметрдеги бюджетке кандай баа бересиз?

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев: Бул бюджетти техникалык өкмөт түздү, божомолдуу бюджетте прогноз деп коет. Чындап келгенде мен кошулат элем, чыгаша тарабы эмдиги жылы көбүрөк болушу мүмкүн. Айтып атпайбызбы, Ош жактагы маселелер бүгүнкүгө чейин чечиле элек, эл аралык донорлор беребиз деген жардамды бербей турат. Бирок Алмазбек Атамбаев айткандай, бюджетти толтурууга негизги булактар көп деп. Аны мурунку техникалык өкмөт түзгөндө каттоого алган эмес. Мындайча айтканда, Алмаз Шаршенович сонун билет, кайсы жактан киреше жагын көбөйтсө болоорун.

“Азаттык”: Сиз билесизби кайсы булактардан көбөйтсө болот?

Жумакадыр Акенеев: Мен айта берейин билген жагымды. Мисалы, бажы тарап жактан бюджетке көп киреше жагын толкутаса болот. Себеби Аскар Жолчубекович да айтып кетпедиби, биз Кытайдан көптөгөн товарларды кыргизебиз бөлөк схема менен таразага тартып деп. Ошолордун бардыгын өз жайына койсо, ошол жерден бир топ акча түшүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Бирок биз үмүттөнүп жаткандай, сиз айтып жатасыз Атамбаев өкмөт башчы боюнча, бирок ошол Атамбаев койгон кадр Кулматов быйылкы жылдын башынан бери башкарып келатат, эч кандай өзгөрүү деле байкалган жок?

Жумакадыр Акенеев: Ал эски схема боюнча иштейт, билет деп убактылуу ошону койгон. Экинчи, парламент батырак иштеп керектүү мыйзамдарды кабыл алса, ошол эле кен тармагынан абдан көп киреше түшөт. Азырынча лицензияны алып алып, жылдап кармап, ага эч кандай бонус ройелти деген төлөмдөрдү төлөбөй кармап отурушат. Ошону төлөтсө 2 жарым млрд. доллар түшүшү мүмкүн деген божомолдоо бар. Андан башка энергетика тармагы. Анан көмүскө экономика бар. Мисалы киреше жагын жаңы өкмөт жакшылап иштетсе, парламент жардам берсе көбөйтсө болот.

Киреше булактары көп

“Азаттык”: Мен адистердин көңүлүн бир нерсеге буруп, тактоо киргизүүнү туура таап турам. Мына бюджеттин кирешеси 61 млрд. сомдон ашуун экен. Анын 38 млрд. доллардан ашуунун салыктар эсебинен, сактык эмес булактардан 10 млрд сом. Расмий трансферт 12 млрд 900 млн. сом деп турат. Трансферт деген терминди тактап алсак. Бул которуу дегенди билдирет экен. 13 млрд. сомго жакын каражат кайдан бюджетке которулат? Бул донорлордон келе турган жардам эмеспи?



“Азаттык”: Равшан мырза, “Ата Мекен” фракциясы мүмкүн оппозициялык фракция катары бюджет комитетин көзөмөлдөп калышы мүмкүн. Сиздерде бюджетти толтуруу жагынан кандай сунуштар, ойлор болот?

Равшан Жээнбеков: Эгерде биз бүгүн бюджеттин структурасын карай турган болсок киреше бөлүгү негизинен үч булактан турат. Биринчиси бажы, экинчиси салык жана үчүнчүсү чет элдик уюмдардын жардамдары. Чет элдик уюмдардын жардамдары бул бизге жылда келе турган нерсе. Биз ал жакка көп деле көңүл бурбасак болот. Негизинен биз чет элдик жардамды алганга аракет кылганбыз жана аракет кыла беребиз.

Бизде эки чоң булагыбыз бар, бул – бажы жана салык булактары. Эгерде биз ушул эки булактын иштөөсүн жакшырта турган болсок, анда сөзсүз түрдө биздин киреше бюджетибиздин бөлүгүндө чоң өзгөрүүлөр пайда болот.

Равшан Жээнбеков
Биз аны кантип жакшыртышыбыз керек? Биринчиси, биз жакшы инвестициялык климат түзүшүбүз керек. Экинчиси, биз ошол салык жана бажы булактарынын кирүүсүн,башкаруусун жакшыртышыбыз керек. Бүгүнкү күндө бир топ эсе сыртка кетип аткан булактарды мамлекеттик бажы жана салык уюмдары аркылуу мамлекеттин бюджетине киргизсек болот. Үчүнчүсү, биз салык жана бажы кызматтарында иштеген мамлекеттик кызматчылардын иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатышыбыз керек. Төртүнчүсү, биз коррупция менен күрөшүшүбүз керек. Мына ушуга окшогон чечкиндүү, саясий эркибиз күчтүү кадамдарды жасай турган болсок, анда сөзсүз түрдө биз киреше бөлүгүн жакшырта алабыз.

Ошону менен бирге биз мамлекетке жаңы салыктарды киргизсек болот. Мисалы өткөндө “Ата Мекен” фракциясы сунуш кылдык, чет элден келип аткан күйүүчү майга салык киргизели деп. Эгерде биз ушул акциздик салыктарды киргизе турган болсок, анда биз жылына 25-30 млн. доллар бюджетибизге дагы кошумча кирешелерди алсак болот. Мына ушуга окшогон багыттарга көңүл бурсак болот.

“Азаттык”: Алгачкы талкуубузда айкын болгондой, бюджеттик таңсыктык Кыргызстанда оор маселе бойдон калууда. Бул маселе Кыргызстанда эле эмес, Европа жана башка өнүккөн өлкөлөрдө да бар. Мына Грекия, Ирландияда. Бирок аларда таңсыктыкка каршы күрөштөр аесуз кыскартуулар менен жүрүп жатат. Бизде кандай чара көрүш керек?

Равшан Жээнбеков: Туура айтасыңар. Азыркы жаңы келген өкмөтүбүздүн буга эрки жеткен жок. Өткөндө премьер-министр Атамбаев өзү да айтпадыбы, биз 350 миң мамлекеттик кызматчынын көпчүлүгүн жумуштан кыскарта турган болсок алар кайда барат деп. Бул туура эмес көз караш. Эгерде адамдын организми оору дей турган болсок, анда ошол оору жерди сөзсүз түрдө кесип таштап, же дарылашыбыз керек. Биз бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчылардын санын кескин түрдө кыскартууга барышыбыз керек болчу, жок дегенде 30-40 пайызга. Тилекке каршы азыркы өкмөт ага баралган жок. Ошондуктан азыр жасап аткан жаңы өкмөттүн кадамдары жалпысынан туура эмес кетип атат.



“Алтын бар, арман жок”

“Азаттык”: Бирок бул өкмөт кыскартуу эмес, чыгашаларды көбөйтүү жагын көбүрөөк ойлоп жатат. Маселен, мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн 7 млрд. сом керек экендиги айтылууда. 30 пайыз көтөрүш үчүн 1 млрд. 300 млн. дейт. Бул булак табылабы, же жанагыдай эле биздин бюджет таңсыктык болуп, аягында туруксуздукка алып келеби?



“Азаттык”: Бирок өкмөттө план болуп аткан экен, бул абдан олуттуу деңгээлде талкууланып аткан экен. Бул Кыргызстандагы “Центерра голддогу” 33 пайыз акциясын сатуу маселеси. Бул мүмкүн парламентте чечиле турган маселедир. Буга кандай карайсыз, Равшан мырза?

Равшан Жээнбеков: Туура, азыркы күндө биздин өкмөтүбүз бир топ кыйынчылыктарды тарта турган болсо “Центеррадагы” Кыргызстандын акциясын саталы деген сунуш менен чыгышы мүмкүн. Бирок мен мындай өкмөттү башкача баалайт элем, эгерде ушундай сунуш менен чыга турган болсо, анда өкмөт өздөрүндө эффективдүү башкаруу системасын түзө албагандан кийин айла жоктон жеңил жолду тандады деп биз жыйынтык чыгарсак болот. Акцияны сатуу бул аябай жеңил, ал эми мамлекетте эффективдүү башкаруу системасын түзүү аябай кыйын.

“Азаттык”: Бирок баасы көтөрүлүп турган учурда акцияларды сатуу мүмкүн булар айткандай туура болуп жүрбөсүн?

Равшан Жээнбеков: Жок, мен ага кошулалбайм. Дүйнөлүк кризис, өзгөчө айтып аткан Америкадагы, Кытайдагы валюта кризистери улана бере турган болсо, анда алтындын баасы мындан дагы жогору көтөрүлөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө алтыныбыздын акчасын саткан абдан туура эмес деп ойлойм. Бул жеңил жол.

“Азаттык”: Экономист катары Жумакадыр мырза, сизде кандай ойлор бар?



Аскар Бешимов: Акциялар боюнча, мен ойлойм, бул принципиалдуу нерсе эмес. Себеби акча иштеш керек, пайда алып келиш керек. Анан отуруп алып дүйнө жүзүндө акциясы көтөрүлөбү, жабылабы ошого карата бир убакта “Центерра голддун” акчасын деле бир жакка каржылоого турмушта Кыргызстанды алып келет. Бирок ошол эффективдүү болобу, же болбойбу, маселе ошондо.

“Азаттык”: Биз бюджетти жабууга жиберсек жеп коебуз да.

Аскар Бешимов: Биринчи күнү эле азыр караңыз, 7-апрелде болгон окуядан кийин алдын ала 6 млрд. мурунтан дефицит деп каралган. Ошол 27ге жетти азыр. Жылдын ичиндеги бюджет кайсы жакка каржылоо болду, тыштан келген жардамдар кайда, эмнеге төлөмү болду, эч ким тактап, азыр отчет бере албайт, же Каржы министрлиги, же өкмөт. Биз да өзүбүз тараптан изилдөө өткөрүп сураштырып көрдүк, эч ким айта албайт.

Аскар Бешимов
7-апрелден кийин Улуттук банктын акчасы, тыштан келген жардам, бюджет, Бакиевдер качкандагы акчасы баары эле бир казанга түшүп, ошол кайда кетти азыр эч ким сизге баарын тастыктап, далилдеп айта албайт. Мындай болгон учурда “Центерра голддун” акциясы сатылып кетсе, ал деле түшүп кетсечи, анан жок болуп эртең ким жооп берет ага?

“Азаттык”: Равшан мырза, парламентте бюджет маселеси күн тартибине коюлуп карала турган болуп атабы, же кызмат бөлүштүрүү бүтө элекпи?

Равшан Жээнбеков: Парламентте азыр үч фракциядан түзүлгөн коалициянын кызмат бөлүштүрүү гана процесси болуп атат. Азырынча бюджет жана башка маселелер жөнүндө эч нерсе көтөрүлө элек.

“Азаттык”: Демек жаңы жылга чейин бюджет каралбай калышы мүмкүнбү?

Равшан Жээнбеков: Мен аны так айта албайм. Мүмкүн биз караганга жетишебиз. Бирок менде азыр бюджеттин каралары, же каралбасы жөнүндө да так маалымат жок.

Кумга сиңген суудай болуп...

“Азаттык”: Биз чындыгында эле эски жылдын бюджети менен өтүп Бакиевдин учурунда деле көнүп калган элек. Бул жалпы экономикага терс таасирин тийгизеби, экономика илимдеринин доктору катары Жумакадыр мырза айтсаңыз?



“Азаттык”: Аскар мырза, кандайдыр бир бюджеттик төлөнбөй калуулар тууралуу бизде да маалымат болуп атат. Кээ бир акимдер айтып атат, биз ссуда алып айлык берүүгө мажбур болуп атабыз дейт. Ушул бизде төлөбөй калуу учурлары келип калдыбы таңсыктыктын айынан?

Аскар Бешимов: Акча жоктугу бар азыр. Ошондуктан мен айтып атпаймбы, бир казанга акчанын баары түшкөндөн кийин бул кайсы булактан чыгып, кайсы жакка кетип атат белгисиз болуп атат. Бюджет маселеси боюнча, бул эң негизги финансылык документ. Жаңы коалиция түзүлүп, жаңы өкмөттүн кылган кадамдарынын баары бюджетке ылайыктуу болуш керек, кооз сөзгө карабастан.

“Биз эмки жылдын бюджетин 61дин ордуна жок дегенде 130 миллиардга карап атабыз, көмүскө схемалардын барын бузабыз, коррупция менен күрөшөбүз, ошонун эсебинен булактарды көбөйтөбүз” десе анда түшүнүктүү болот эле, ошондо милдеттеме да болот эле.

“Азаттык”: Каржы министрлигинин өкүлүнөн сурагым келип жатат. Убактылуу өкмөт Орусиянын 300 млн. доллар насыясынын бир бөлүгүн Ош, Бишкекти калыбына келтирүүгө жумшаган. Дагы бир бөлүгү Камбар-Атага кеткен. Дагы бир бөлүгү күч структураларынын айлыгына көбөйтүүгө жумашалган деген маалымат бар. Чындыгында ал акча кайда жана канчасы сарпталып кетти?

Равшан Жээнбеков: Бул маселе өткөндө премьер-министрди бекитип атканда да көтөрүлдү. Революция болгондон кийинки 7-8 айдын ичиндеги экономикалык-финанасылык абалыбыздын бардыгы үчүн премьер-министр келип жакын арада отчет берет. Чындында эле сиз айтып аткан акчанын баары кайда кетти, кандай пайдаланылды анын баары боюнча парламетке премьер-министр айтып бериши керек. Бул маселе менин оюмча жакын арада сөзсүз түрдө көтөрүлөт.

“Азаттык”: Аскар мырза, сиздердин иликтөөдө барбы бул маселе, кайда кеткени, кандай жумшалганы?

Аскар Бешимов: Жок, ал боюнча иликтөө өткөрүш деле мүмкүн эмес. Аны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн сураш керек. Элге ачык жарыя кылыныш керек. Биз официалдуу түрдө маалыматтарды алып, ошолорду териштиребиз турмушка дал келеби, келбейби деп. Анан белгисиз жака кеткен акчаларды биз издебейбиз да.

Жумакадыр Акенеев: Жаңы өкмөттүн курамы бекитилип атканда айтылып кетпедиби, техникалык өкмөт да, убактылуу өкмөт да келип отчетун берет деп. Ошондо сөзсүз түрдө Аскар Жолчубеков айткандардын бардыгы жарыяланат мындай жардам келди деп. Жалаң эле акчалай жардам эмес андан башка да жардамдар келди да. Күйүүчү май жана башкалар боюнча бардыгы ачык болушу керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG